Алмазбек Атамбаев БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-апрелде шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчыга өлкөдө шайлоо системин өркүндөтүү, андан тышкары өткөн жылы шайлоо процессин өткөрүүдө аныкталган кемчиликтер менен алешемдиктерди жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Нуржан Шайлдабекова мурдагы тажрыйбаны изилдеп чыккан БШК заманбап технологияларды колдонуу менен шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү сапатын андан ары арттыруунун натыйжалуу чараларына токтолду.

Президент өлкөдө шайлоо системин өркүндөтүү чараларынын маанисин айтуу менен БШК таза шайлоолорду өткөрүүдө атаандаштык шарттарды камсыздоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө тийиш экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан