ЖЫЛНААМА, 6-АПРЕЛЬ: "Иванушки International" тобунун ырчысы Кирилл Андреев 46 жашка толду

Орусиялык "Иванушки International" тобунун ырчысы Кирилл Андреев 46 жашка чыкты. Ал 1971-жылы 6-апрелде Москвада жарык дүйнөгө келген. Андагы №468-мектепте окуп, кийин Радиомеханикалык техникумду бүтүргөн. Аскерден келгенден кийин белгилүү орусиялык жана советтик модельер Слава Зайцевдин моделдер мектебинде окуп, модель болуп иштеген. Андан сырткары кикбоксинг менен да машыккан. АКШдагы фотомоделдердин мектебин бүтүрүп келген соң профессионалдык деңгээлге жетип, көптөгөн клип, жарнамалык роликтерге тартылган.

1995-жылы орусиялык продюсер Игорь Матвиенко "Иванушки International" деген топ түзүп, Кирилл Андреев топко алынган. Ошондон тартып ал ырчы катары таанылган. Андан сырткары Кирилл өзүн актёр катары да сынап көргөн. 2011-жылы Голливудда иштеген орус режиссёру Эркен Ялгашев "Пруха" аттуу тасмасына башкы ролду жаратуу үчүн чакырган. Анда ал ийгиликсиз адамдын ролун жараткан.
Жеке жашоосу
Ырчы жубайы Лолита Аликулова менен 1999-жылы таанышып, баш кошкон. 2000-жылдын октябрь айында түгөйлөр уулдуу болушкан. Жубайы аэробика жана фитнес боюнча машыктыруучу. Актёр өзү дагы спорт менен активдүү машыгат.
6-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulmira96
2017-04-06 14:06:44
Менин суйуктуу ырчым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан