Жогорку Кеңештин 6-апрелдеги жыйынында "Бир бол" фракциясынын депутаты Алмасбек Акматов башкы прокурор Индира Жолдубаевага Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында сатылып кеткен бала бакча боюнча ишти көзөмөлгө алууну айтты.
Эл өкүлү билдиргендей, бала бакчаны кайтарып берүү боюнча соттун чечими чыккан.
"Мурдагы сатып жиберген айыл башчысы соттолгон. Бирок бардыгы туура чечилгенине карабай, сатып алган жарандын доо арызынын негизинде иш аягына чыкпай жатат. Башкы прокуратуранын мага берген билдирүүсүндө, Чүй облустук соттун токтому менен Аламүдүн сотунун чечими жокко чыгарылып, кайра кароо үчүн Аламүдүн райондук сотуна жиберилген. Ошол бойдон бул иш боюнча дайын жок", - деди ал.
Башкы прокурор бул иш боюнча сөзсүз каралып, жооп бериле турганын билдирди. Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын 2016-жылы аткарылган иши боюнча отчёту угулууда.