Кыргыз жарандыгын алып жүргөн журналист Наталья Кушпаренкону Москвадагы мейманканалар кабыл албай коюшту. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Анын билдирүүсүндө, Москвага барардан бир топ күн мурун мейманканага номер буюртма кылган.
"Мейманкана акысы кирип бара жатканда төлөнөт деген шартын сайттан окугам. Ага карабастан мага чалып алгачкы күндөр үчүн алдын ала акча төлөөнү талап кылышты. Мен макул болуп алардын эсептик реквизиттерин сурадым. Мейманкананын кызматкери менден бир нече жолу кайсы өлкөнүн жараны экендигимди сурады. Мен "Кыргыз өлкөсүнүн жаранымын, улутум орус", - деп жооп бердим. Мейманкананын кызматкери "сиз Орусиянын жараны эмес турбайсызбы, сиздин мекендешиңиз террористтик жардырууну жасады, сиз биз касташкан өлкөдө жашайт экенсиз", - деп жооп берди", - дейт Кушпаренко.
Ал учурда Грузияда жашап жаткандыгын Орусияга жумуштары аркылуу бара тургандыгын белгилейт.