Жашоосундагы татаал учурларга карабай белгилүү актёр Брэд Питт маданий иш-чараларга катышуудан баш тартпай, маал-маалы менен эл алдына чыгып, күйөрмандарын кубантып келет. Кечээ, 5-апрелде актёр Лос-Анжелес шаарындагы кинотеатрлардын биринде "Затерянный город Z" тасмасынын премьерасына катышкан. Ошондой эле тасмада башкы каармандардын образын жаратышкан Роберт Паттинсон, Чарли Ханнэм жана Сиенна Миллер катышкан.
Анжелина Жоли менен соттук териштирүүлөр анын ден соолугуна таасирин тийгизип, бир топ арыктаганы байкалат. Бирок актёрдун учурда абалы жакшы экенин, ал убактысынын көбүн кызыктуу өткөрүп жатканын "People" басылмасы актёрдун жакындары билдиргенин жазып чыкты.
"Брэддин ден соолугу жакшы, учурда өзүн жакшы сезип калды. Үй-бүлөсүндөгү көйгөйлөр тынчтык жолу менен чечилип, бардык сүйлөшүүлөр жабык режимде өтүп жатат. Бул нерсе бардык үй-бүлө мүчөлөрүнө жакшы таасирин берип жатат", - деп айтылат маалыматта.