Орусия менен Өзбекстандын ортосунда 16 миллиард доллар суммасында 55 документке кол коюлду. Документтерге 5-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Орусиядагы сапары алкагында кол коюлганы белгилүү болду. Президент Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Мирзийоев дээрлик бардык маселелер боюнча пикирлери дал келишкенин айтты.
Кол коюлган документтердин негизинде эки мамлекет ири долбоорлорду биргеликте ишке ашырууда кызматташат. Маалыматтарга таянсак, Өзбекстан Орусиядан аскердик техника, жабдууларды алууну көздөөдө. Өлкөлөр биргеликте никель, титан жана газ кендери боюнча иштешмекчи.
Белгилей кетсек, Мирзийоев президент катары Орусияга биринчи сапары менен барды. Буга чейин расмий сапары менен Түркмөнстанда жана Казакстанда болгон.
Эксперттер Өзбекстан президентинин Орусиядагы сапары жемиштүү болгонун, өлкөлөр ортосундагы мамиле жаӊы баскычка көтөрүлгөнүн айтып жатышат.