ЭЛДИК КАБАРга жооп: Жаан жааганда короосу көлчүккө айланган бала бакчага шагыл төгүлүп, көйгөй чечилди

Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы №185-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эшигинин алдына кум, шагыл төгүлүп, балдар жана алардын ата-энелери кыйналбай өтүп калышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде бала бакчанын дарыгери Роза Абакирова SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн жаанда көйгөй абдан билинди. Мурда балдар, ата-энелер жол жактагы эшиктен киришчү. Бирок жолдо унаа көп болгондуктан коопсуздукту сактоо үчүн кирме эшикти бакчанын каптал жагынан ачканбыз. Ал жерден жаныбыздагы дүкөнгө, көп кабаттуу үйлөргө да өтүшөт. Ошолор оңдойт деп жүрсөк, оңдошкон жок. Бүгүн бизге келгендер жүдөп, кыйналганын көрүп дароо маселени чечтик", - дейт Абакирова.

Эскерте кетсек, окурман №185-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин короосу жаан жааган сайын көлчүк болуп калганын, андан улам бир топ көйгөйлөр жараларын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aruwka.89
2017-04-06 14:48:09
во))соонун кабар
+2
Arslan.2014
2017-04-06 14:58:28
Жакшы кабар бирок "Тоок ... келгенде какылыктайт" болбой эртерээк конул буруш керек эле.
0
nurbek11
2017-04-06 15:44:22
Ушул убака чейин билинбеген ылай супер инфого чыкканда ылай экени билинип аны да дароо ондоп жиберишиптир. Бул жомоко эч ким ишенбейт. Бирок ондолгонуна суйундум. Рахмат ушул кабарды жоноткон адамга сенин кабарын менен бир маселе чечилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан