Борбор калаадагы мектеп окуучулары "Google" компаниясында эмгектенген кыргыз жигити Тилек Мамутов менен болгон видеоконференцияга катышышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 6-апрелде билдирди.
"Иш-чара №12-окуу-тарбиялык комплексинде болуп өттү. Тилек Мамутов менен баарлашууга Свердлов районундагы мектептин активисттери чакырылды. Анда окуучулар бир жарым саат бою өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты. "Google" маалыматты кайдан алат?", "Эмне үчүн "Google" деп аталат?", "Ден соолукка зыян оюндардан кантип жаш балдарды алыстатуу керек?" Ушул сыяктуу суроолор берилди.
Соӊунда Тилек Мамутов окуучуларга кызыктуу баарлашуу үчүн ыраазычылык билдирип, аларга ийгилик каалады. Катышуучулар кол чабуулар менен видеоконференцияны жыйынтыкташты", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тилек Мамутов 1985-жылы 9-июнда Бишкек шаарында туулган. Борбордук Азиядагы Америка университетин аяктаган. Эмгек жолун 2005-жылдан 2007-жылга чейин БААУда мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 2007-жылдан тарта "Google" компаниясында долбоордун менеджери болуп эмгектенип келет.