ЭЛДИК КАБАРга жооп: Өзгөндөгү Кысык-Алма айылын борбордук бөлүк менен байланыштырган жолго түшкөн көчкү тазаланды
Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Кысык-Алма айылын борбордук бөлүк менен байланыштырган жолго түшкөн жер көчкү бүгүн, 6-апрелде эртең менен тазаланды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы SUPER.KG порталына айыл өкмөткө таянып билдирди.
"Айыл өкмөтүнүн башчысынын айтымында, эртең менен саат 9дар чамасында жол тейлөө ишканасынын техникасы жолду тазалап, кыймыл калыбына келтирилген. ӨКМнын Мониторинг жана божомолдоо департаментинин адистери аймакты бүгүн жеринен көрүп, өз тыянагын бермекчи", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Буга чейин ЭЛДИК КАБАРга колдонуучу Кысык-Алма айылын борбордук бөлүк менен байланыштырган жолго жер көчкү түшүп, унаа тыгыны жаралганын билдирген.