Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы: “Парламенттин фойесиндеги парда, жалюзилер 7 жылдан бери алмаштырыла элек”

Парда жана жалюзи сатып алуу боюнча жарыя тууралуу Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кожомкулов бүгүн, 6-апрелде SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

Ал парламенттин фойесиндеги парда, жалюзилер 7 жылдан бери алмаштырыла электигин айтып, коридордогу пардалар эскирип калганын кошумчалады. Анын белгилешинче, жарыяда көрсөтүлгөн 1 жарым миллион сом акыркы баа эмес.

"Мыйзам чегинде сатып алуулар боюнча пландар бар. Анын негизинде сатып алуу боюнча планды Каржы министрлиги менен бекитебиз. Сатып алуу сынактын негизинде гана болот. Баа мындан ылдый түшөт. Анткени сынакта атаандаштар болот. Эң арзан берген бааны алабыз. Парда көпкө чейин туруусу, бюджетти үнөөмдө үчүн кездемеси Италияныкы болсун деп бергенбиз. 2011-2012-жылдардан бери Жогорку Кеңеш чыгымдарын кыскартып келет. Бюджеттин 80ден ашык пайызы эмгек акыга кетсе, 20 пайызга жетпегенди ушул керектүүлөрдү сатып алууга пайдаланабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
abusait
2017-04-06 17:27:27
Эмне жууп тазалап кайра илсе болбойбу?
+6
Kulatov
2017-04-06 17:46:14
Мүнкүн кийген кийимиңер да эскирип калган чыгаар
+7
zevs
2017-04-06 19:03:12
Akcha bolup bergile janylap alsyn owol jerden dagycakcha jep kalgysy kelgender bolso kerek
0
dosym
2017-04-06 19:20:19
Джалюзини алмаштырса эле жакшы иштеп калышса, ай сайын алмаштырып берет элек го
+3
aruuke9292
2017-04-07 19:29:25
Дагы талап баштадынарбы,эскирсе алмаштырат да эми анын эмнеси бар экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан