Google жана Lookout компанияларынын коопсуздук боюнча адистери татаал мобилдик вирусту табышты. Мындай маалымат Android иштеп чыгуучулардын расмий сайтында жазылган.
Маалыматка караганда жаңы вирус Chrysaor деп аталат. Ал алгач iOS үчүн Pegasus деген аталышта эксплойт катары иштелип чыккан жана Бириккен Араб Эмираттарындагы активисттин артынан аңдуу үчүн колдонулган. Андан соң вирус Android`ке модификацияланган.
Вирус iOS жана Android телефондоруна эки башка версияда иштелип чыккан. Смартфондун ээсине анын телефонуна вирус кирип, жеке маалыматтарынын уурдалганы билинбейт. Зыян келтирүүчү тиркеме телефонго орнотулгандан кийин колдонуучунун чалууларын, каттарын, электрондук почтасын, паролдорду, камераны көзөмөлдөй алат. Бирок Google Play дүкөнүндөгү эч бир тиркемеде Chrysaor вирусу катталган эмес.
Ошондой эле Google компаниясынын кызматкерлери дүйнө жүзүндөгү 1,4 миллиард активдүү Android телефондорунан вирус жуккан 30дан кем эмес учурду аныкташкан, алардын сап башында Израиль турса, Кыргыз мамлекети 6-орунду ээлеген.
Компания телефондоруна аталган вирус кирип кеткен колдонуучулар менен байланышкан.