Өкмөт: "Мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфраструктура багытында 13 долбоор ишке ашат"

Кыргыз өлкөсүндө мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн алкагында саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфраструктура багытында 13 долбоор ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде экономика министри Арзыбек Кожошев менен саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымат бергенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, долбоорлорду сапатуу даярдоо максатында 2014-жылы уставдык капиталы 4 миллион долларлык Мамлекеттик-жеке өнөктөштөр долбоорлорун каржылоо Фонду түзүлгөн. Аталган Фонд тарабынан 8 долбоордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат бөлүнгөн.

"Мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу базалык мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери 11 мыйзамга өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, өкмөт тарабынан 4 токтом кабыл алынган. 2015-жылдан бери бул тармакта долбоорлорду ишке ашыруунун үстүнөн активдүү иштеп келе жатабыз. Азыркы тапта саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфраструктура тармагында 13 долбоордун үстүнөн активдүү иштер жүрүүдө. Биринчи этапта 3 долбоор: экөө саламаттыкты сактоо, 1 мэрия тарабынан келген долбоор. Экинчи этапта 8 долбоор ишке ашат. Азыр алардын техника-экономикалык негиздери иликтенүүдө. Үчүнчү этапта 2 долбоор бар", - деди Кожошев.

Ошондой эле мындай долбоорлорду ишке ашырууга 2-4 жыл убакыт керектелерин кошумчалады.

"Кыргыз өлкөсү боюнча жыл сайын бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны көбөйүп, натыйжада жылына 2 миңдей бейтап гемодиализ аппаратына муктаж болот. Биз болгону 850 оорулууну камсыздай алабыз. Мындан улам 2017-жылдын 10-январында гемодиализ борборун түзүү максатында сынак жарыялаганбыз. Эл аралык беш компания сынакка катышууга арыз берип, алардын экөөнү тандап алдык, жакын арада тендер өткөрүлөт. Биздин негизги максат бейтаптарга убагында сапаттуу тейлөө көрсөтүү", - деди саламаттыкты сактоо министри Таланбек Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан