Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз жериндеги Кытай ишкерлери менен жолугушту

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бир катар Кытай компанияларынын өкүлдөрүн кабыл алды. Бул тууралуу 6-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда жыйынга Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа катышты.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай-Кыргыз өлкөсүнүн достук мамиледеги коңшу өлкө жана ишенимдүү өнөктөш мамлекет экендигин айтты.

"Кыргыз мамлекети чет элдик инвесторлор үчүн ачык өлкө жана өлкөнүн улуттук экономикасына инвестиция тартууга кызыкдар", - деди Абылгазиев.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Сяо Цинхуа, Кытай Кыргыз мамлекети менен кызматташууну жогору баалай турганын жана мындан ары да алакаларды бекемдөөгө даяр экенин билдирди. Жолугушууда Кытай компанияларынын өкүлдөрү өнөр жай, энергетика жана жол курулуш тармагындагы өздөрүнүн иштеп жаткан ири долбоорлору тууралуу маалымат беришти. Тараптар мындан ары экономикалык багыттагы кызматташуунун алкагында биргелешип иш алып баруу маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан