Бүгүн, 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү. Ден соолук күнүн белгилөө чечими 1948-жылы кабыл алынып, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун уставы жарыяланган. Аталган уюм ар жылдын ушул күнүн медицинанын актуалдуу көйгөйүнө арнап, адамзаттын көңүлүн ден соолуктун алар үчүн маанисине буруу аракетин көрөт. Эгемен Кыргыз Республикасы дагы бул уюмдун мүчөсү жана саламаттыкты сактоо тармагы калыптанган өлкө катары Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн салтанат менен белгилеп келет.
2017-жылдагы Ден соолук күнүнүн, башкача айтканда, бүгүнкү күндүн темасы - депрессия.
7-апрелге карата жылнаама.