5-апрелде Бишкекте "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы өтүп, анда Бегимай Карыбекова жеңүүчү аталган.
Ал эми сынактын финалында калыстар тобунун катарында болгон ырчы Айгерим Расул кызы "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагы төмөн деңгээлде өткөнүн, жеңүүчү алдын ала тандалганын, калыстардын баасы эсептелбегенин SUPER.KG'ге билдирди.
"Бул тууралуу уюштуруучунун өзүнө айтайын дегем. Бирок ал телефонун өчүрүп, байланыштан качып жаткандыктан баарын айтууга туура келди. Кыргыз өлкөсүнүн атын чет өлкөдө тааныта турган кыздарды тандоонун, сынактын, уюштуруунун деңгээли аябай төмөн болгону адамдын ачуусун келтирет экен. Алсак, кыздар чыкчу подиум кичинекей, жарыгы жок кыздардын беттери жакшы көрүнбөй жатты. Кыргыз бийи деп баарын чыгарып койду же алар көрүнсөчү. Анан да талантын көрсөтүүдө кээ бирлери жерге жата калып кадимки стриптиз бийлеп киришти. Эл аралык сынактарга катыша тургандарды да ушинтип тандайбы? Биздин баа бергенибиз эсепке алынган жок. Жөн эле жазып жаттык.
Ал эми жеңүүчү болгон кызга келсек, ал жадакалса "Сүймөнкул Чокморов ким болгон?" деген суроого жооп бере алган жок. "Согушта жүргөн" деп залдагы элди күлдүрдү. Анын жеңүүчү болгонуна каршылыгым жок, бирок андан да мыкты, суроолордун баарына жооп берген сулуулар бар болчу. Аны алдын ала дайындашкан деп ойлойм. Себеби калыстар чечим кабыл алуу үчүн чогулганда уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызы башынан жеңүүчүлөрдү тандап койгону белгилүү болду.
Республикалык деңгээлдеги "Кыргызстан сулуусу" деген сынакты ушундай жаш, эч кандай тажрыйбасы жок кыздын тандоосуна ким уруксат берди деген суроо жаралат. Бизде Маданият министрлиги бар да. Башка өлкөлөрдө мындай чоң сынактарды бир гана Маданият министрлиги чечет. Андыктан мындай сынакты биздеги кадыр-барктуу, тажрыйбалуу маданияттын өкүлдөрү катышуучуларды ар тараптуу сыноодон өткөрүп, Кыргыз өлкөсүнүн атын татыктуу көрсөтө алган адамды тандашы зарыл болчу деп ойлойм. Бул сынак коммерциялык максатта өткөрүлдү окшойт. Анан дагы 17 кызга 15 миң сомдук билет саттырганда деле 255 миң сом болот, демек, жакшы бизнес экен. Бирок ушунча акча чогултат экен, жок дегенде подиумга жарык коюп койсо болмок эле.
Кыскача айтканда, сынактын кемчиликтери аябай көп болду. Дипломдорду тапшыруу учурунда байкасам, эч бирөөнүн кол койгону же мөөр басылганы жок. Таттыбүбүнүн аты жазылып турат, бирок колу жок. Кыскасы жөн эле бир кагаз. Мыйзамсыз сынак десе дагы болот. Мен атайын Ош шаарынан сынак мамлекеттик деңгээлде өтөт деп келген элем. Бирок сынак мектеп деңгээлинде болду. Соңунда уялганымдан акырына чейин тура албай чыгып кеттим", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, сынактын башка катышуучусу Алтынай Абдымомунова финалга бир күн калганда Таттыбүбү Самидин кызы катышпайсың деп айтып, финал күнү сынак өтүп жаткан жайга киргизбей койгонун билдирген.
Бул окуя боюнча экинчи тарап болгон уюштуруучуларга байланышуу аракетин кылдык. Мүмкүнчүлүк жаралса, экинчи тараптын оюн да угуп жарыялоого даярбыз.