Белгилүү төкмө акын, дастанчы, комузчу, "Махабат дастаны" тасмасында Раймалынын ролун аткарган актёр Тууганбай Абдиев арабызда болгондо бүгүн, 7-апрелде 80 жашка толмок. Ал 1937-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген.
1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө, 1956-1961-жылдары Жалал-Абаддагы Кыргыз драма театрында иштеген. Ал эми 1961-жылдан тартып Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын артисти болуп, 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган.
Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргол Досу уулунан комуздун коштоосунда ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сагынбек Дыйканбай уулунан (Сарыкунандан) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.
"Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак
тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" комуз күүлөрүн; "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Ошондой эле ал "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору. Анын "Таңшы комуз" (1979), "Ыр канатында" (1984) ыр жыйнактары жарык көргөн.

Тууганбай Абдиев Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993), Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (1986) наамдарына ээ болгон. Ошондой эле төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас-1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек -500" дастанчылардын сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Тууганбай Абдиев узакка созулган оорунун айынан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Аны акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.