Базар-Коргон районунда айылдарды суу каптоо коркунучу жаралып, 414 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү

Базар-Коргон районунда 450 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда 6-апрель күнү саат 21:30 чамасында Талды-Булак айыл аймагына караштуу Көк-Алма айылынын Коргон-Жар тилкесинде болжол менен 750 миң метр куб жер көчкү түшүп, дарыяны бөгөп калган.

Облустук жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары, ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы көчкү болгон жерге барышып, улам көчкү сүрүлүп, сууну бөгөп калуу коркунучу пайда болгондуктан, суу каптоо коркунучу бар Базар-Коргон районунун Кеңеш, Базар-Коргон, Бешик-Жон, Сейдикум айыл аймактарында жашаган жалпы 1450 үй-бүлөнү, ал эми Ноокен районунун Сакалды, Арал айыл аймактарында жалпы 1134 үй-бүлөнү коопсуз жерге убактылуу көчүрүп чыгаруу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн.

"Жогорудагы айылдардан жалпысы 414 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, дарыянын нугу бир аз ачылгандыктан саат 03:20да токтотулуп, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. 7-апрель күнү саат 03:15те өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана орун басары Равшан Рысбаев жер көчкү жүргөн жерге барышып, жеринде өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

Базар-Коргон районунда жер көчкү жүрүп, дарыяны бөгөп калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан