Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 53 жашка чыкты. Ал 1964-жылы 7-апрелде Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылында туулган. 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1981-жылы Фрунзе шаарындагы №26-мектепте улук пионер отрядынын жетекчиси болуп иштөөдөн баштаган. Мектептин педагогикалык комитетинин жамааты тарабынан мугалимдердин комсомол уюмунун катчылыгына шайланган. 1991-жылдан тартып Бишкек шаарындагы №1-мектепте тарых мугалими, 1992-2000-жылдары директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгон.
1995-жылы Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын катарына өткөн. 2002-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын тарбия секторунда жетектөөчү адис, ал эми 2003-2007-жылдары ушул эле жерде тарбия секторун жетектеген. 2004-жылы КСДПнын атынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп шайланган.
2007-2010-жылдары IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
2010-жылы Убактылуу өкмөттө Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп иштеген.
2010-жылдын октябрынан тарта 2015-жылдын октябрь айына чейин КСДПнын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон.
2016-жылдын октябрь айында Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.