ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: "2010-жылдагы апрель окуясынан кийин бир топко чейин туулган күнүмдү белгилегим келбей жүрдү" дейт ырчы Назира Токонова

Ырчы Назира Токонова бүгүн, 7-апрелде 29 жашка толду. Ырчыны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтты.

"Туулган күнүмдү сонун маанайда тосуп алдым. Эртең менен уктап жатсам, бирөө чалып, "7-майда концерт өткөрмөкпүз, азыр эле чакырып, айтып коёлу деп жатабыз" деди. Мен толук ойгоно албай эле айткандарынын баарына макул дей бериптирмин. Соңунда радиодон чалып жатышканын, тамаша экенин билдирип, куттукташты. Жакындарым кечээ эле куттукташып, белектерин беришкен. Өздүк майрамымды жылдагыдай эле курбуларым менен бирге белгилейин деп жатам.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин бир топко чейин туулган күнүмдү белгилөөгө көңүлүм келбей жүрдү. Анан дагы апама тамашалап "мени эмнеге 7-апрелде төрөдүңүз эле" деп айтып калчумун", - дейт күлүп.

Белгилей кетсек, Назира Токонова 1988-жылы 7-апрелде Сокулук районунда жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинин каршылыгына карабай, Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияга тапшырып, 2 жыл даярдоо курсунда, 5 жыл эл аспаптар факультетинде окуган. Чыгармачылык жолуна 2007-жылдары аттанган. 2013-жылдан тарта Сокулук маданият үйүнүн солисти, билим берүү борборунда вокалдан студенттерге сабак берип иштеген. Репертуарындагы белгилүү ырлары "Сага", "Сагыныч", "Сүйбө мени" жана Чыңгыз Турдубеков менен биргеликте аткарган "Мезгил учат" чыгармасы.

7-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kaisaarmyn
2017-04-07 13:18:09
Куттуктайм. Мага жагат
+1
BakytAliev
2017-04-07 13:30:36
Тааныбайт экенмин
-1
bond02
2017-04-07 13:43:44
Азыркы бийлик кеткенден кийин жакшы майрамдай бересин.
+5
cholpon119966
2017-04-07 13:52:37
Абдан жонокой, таланттуу кыз. Туулган кунунуз менен! Коп жашаныз, чыгармачылык ийгилик. "Сагыныч" " Суранам" мен угуп тажабаган ырлар.
+1
Azatbek83
2017-04-07 14:00:52
Эмне деген майрам бугун кан менен келип бийликти басып алган майрамбы???
+4
ayjan_90
2017-04-07 14:01:42
Аябай уну жагымдуу сонун жонокой кыз туулган кунун менен
+1
kalpak.kg92
2017-04-07 14:40:00
Бугун кан менен бийлике келгендердин майрамы
-1
ilgizk
2017-04-07 14:50:33
ошко концерт берчи
0
aseras
2017-04-07 15:10:25
Сиз ал окуяга чейин эле торолгонсуз.Болуп жаткандарга конул бурбаныз.Туулган кунунуз менен куттуктайм
0
Ananai
2017-04-09 02:43:05
Менин бир дос баламдын да туулган куну ушул кун.Мурун ал жакшы тосчу.Кийин ушул кан тогуу болуп кеткенден бери откорбой калган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан