ЖЫЛНААМА, 7-АПРЕЛЬ: Атактуу кытайлык актёр Жеки Чан 63 жашка чыкты

Акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу кытайлык актёр, продюсер Жеки Чан 63 жашка чыкты. Ал 1954-жылы 7-апрелде Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган.

Маалыматтарга караганда Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен төрөгөн. Ошентип 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. Ал төрөлгөндө коюлган аты - Конг Санг Чан, которгондо "гонконгдо төрөлгөн" деген маанини билдирет. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган. Ал - боевиктердин атактуу каарманы. 2016-жылдын ноябрь айында кино искусствосуна кошкон салымы үчүн "Оскар" сыйлыгын алган.
Жеке жашоосу
Актёр 80-жылдардын башында тайвандык актриса Линь Фэнцзяого үйлөнгөн. Экөөнүн ортосунда Чэнь Цзумин (Жейси Чан) аттуу уулу бар. Ал дагы атасынын жолун жолдоп кино дүйнөсүнө аралашып, ырдап келет.
2014-жылдын сентябрында Жейси Чан маңзат менен кармалып, 2015-жылдын январь айында 6 айга эркинен ажыратылган. Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган Жеки Чан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу уулунун кармалганы боюнча элден кечирим сураган.
Анда актёр уулуна: "Сен туура эмес иш кылганың үчүн жооп беришиң керек. Сенин атаң катары сага жакшы тарбия бербегеним үчүн мен да жоопкерчиликти алам", - деп кайрылган.

Ушул жылдын февраль айында Жеки Чан каскадёрлор тобуна 40 жыл болгондугуна байланыштуу Кытайдагы көрсөтүүлөрдүн бирине жаш каскадёрлордун жаңы курамы менен барган. Анда шоунун алып баруучусу Жекинин командасындагы улуу муундагы каскадёрлордун видеокайрылуусун көрсөткөн. Алар жашоосундагы жакшы күндөрү үчүн Жеки Чанга ыраазычылык билдиришип: "Ал улууну сыйлаган, жумушуна берилген адамдарды ишке алчу. Адамдык сапатың жок болсо, жумуштан кетчүсүң. Ошондуктан анын командасында жаман адамдар жок", - деп айтышкан. Экрандан кайрылуу көрсөтүлүп жаткан учурда алар акырын студияга кирип келишип, актёрдун артына байкатпай туруп калышкан.

"Кинематографияга кошкон салымым үчүн "Оскарды" мен алганым менен, бул сыйлык баарыбыздыкы. Себеби 40 жылдан ашуун убакыт алар өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, мени менен чогуу болушту. Колу-бутун сындырып, таңкы 5те ооруканага алып жөнөшчү, бирок бул нерсени эч ким билбейт", - деп Жеки командасындагы каскадёрлорго рахматын айткан. "Баарыбыз картаябыз" деп артында турган жаш жигиттерди караган актёр мурунку кесиптештерин көрүп, алардын күтүүсүз пайда болгону Жеки Чан үчүн сюрприз болуп, көзүнө жаш алган.

Андан сырткары Жеки Чандын 18 жаштагы Этта Нг аттуу никесиз төрөлгөн кызы бар. Анын апасы - "Мисс Азия-1990" сынагынын жеӊүүчүсү болгон Элейн Нг.
Кызынын актёр тууралуу: "Ооба, ал менин атам болушу мүмкүн, бирок андан башка эч нерсе жок. Ал менин жашоомдо жок, болгон эмес, болбойт дагы. Жеки Чан мен үчүн болгону атактуу актёр", - деп айтканы бар. 5 күн мурда Этта Нгны Таиландда достору менен эс алуудан соӊ өз өмүрүнө кол салган делип ооруканага жеткиришкен.
7-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Azatbek83
2017-04-07 14:28:31
молодец достойный человек
0
Mekush87
2017-04-07 14:55:14
Ооба,аябай шамдагай.Мага жагат.
0
Biyke4
2017-04-07 15:09:00
Менин алгачкы суйуум)))
0
aizush
2017-04-07 15:31:08
Менин да алгачкы суйуум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан