Комиссия: ""Кумтөрдөн" чыккан 20 миллион метр куб таштанды калдыктарын кайда алып барууну билбей жатабыз"

"Кумтөр" компаниясы жылына 18,7 тонна алтын өндүрүп алат. Ал эми андан 50 миллион метр куб өлчөмүндө таштанды калдыктары чыгат. Учурда ал калдыктардын 30 миллион метр кубун Сары-Төр өрөөнүнө жайгаштыруу каралууда. Калган 20 миллион метр куб өлчөмүндөгү калдыкты кайда алып барууну билбей жатабыз”. Бул сөздү 7-майда журналисттерге маалымат берген аталган кендеги бош кыртыштардын жылышын изилдөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев айтты. Айтылгандай, учурда Сары-Төр мөңгүсүнүн абалы Давыдов мөңгүсүндөгү кырдаалдан анчалык айырмаланбайт. Мындан сырткары Сары-Төр аймагында төгүндүлөрдү жайгаштырууга чек коюлат. Ошондой эле бул аймакта сел жана жер көчкүлөрүнүн жүрүшү күтүлүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан