SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Келиндердин үйдө кийинүүсү" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Күйөөңдүн көзүнө жагымдуу көрүнүү үчүн дайыма, айрыкча, үйдө жарашыктуу кийинүү керек эмеспи. Ошондой болсо да, азыр кичинекей балам менен үйдөмүн, татынакай кийинип жүрүп эле кайра спорт кийимдерине "чапташып" калам да, ошол бойдон жарашыктуулукту эстегенче жүрө берем".
"Башында жасанып жүрчү элем, азыр балам менен жүдөп кеткенимди көрүп жолдошум "ыңгайлуу эле кийинчи, баары бир сени сүйөм" деп адамдын боорун эзгенден баштап үйдө халат кием".
"Жарашыктуу кийинип алып, май жыттанып тамак жасап жүрсөң... Кайната, кайнененин көзүнчө элестеткиле, "эмне жасанып алдың?" десе, мен "күйөөмө" деп мылжыйып нан жаап жатсам..."
"Жеңем үйдө каалагандай кийинет. Кааласа көйнөк, кааласа шым, кээде лосина менен узун футболка да кийип алат. Бул бизге көнүмүш эле көрүнүш болуп калган, анткени байкем жаңы үйлөнгөндө апам "мен сага андай кий, мындай кий дебейм, негизгиси бизди уят кылбасаң болду" деп айткан. Ошого коноктор келип калса, жеңем чуркап кирип көйнөк кийип, жоолук салынып алат".
"Үйгө кийген кийимге аябай көңүл коём, xоббим десем да болот. Халат менен жоолуктун түсүн окшоштуруп алам. Негизи жүдөгөн келин көрсөм аябай жиним келет. Жасанган боёнгон келиндерге абдан суктанам. Сыртынан карап эле канчалык тың келин экенин билип койсоң болот".
"Жеңемдер шым кийсе, "келинге окшоп көйнөк кийбейби" деп жиним келчү. Эжем жакында турмушка чыгат, "мен барып каалагандай кийинем, жүдөп жүрбөйм" десе түшүнүп жатпаймынбы. Көрсө, алардын да шым кийгиси келет экен да".
"Шым кийгенди келиндерге ким коюптур? Шыйрак, жамбашты жаап, келинге окшоп эле жүргөнү жакшы. Күйөөсүнө жагынам десе, түнү менен жагына берсин. Жеке мага келиндин шым кийип жүргөнү жакпайт".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.