Бүгүн, 7-апрелде порталдын "Кинозал" бөлүмү Ырыс Жоомартованын "Шаардык келин Шарапат" аттуу комедиясы менен толукталды. Тасмада Алиша Дия, Борончу, Айнура Тургунбаева, Гүлжайна Атаканова, Алина Жетигенова, Жоробек Аралбаев катышкан. Тасма режиссёр Ырыс Жоомартованын кичи мекени Суусамырда тартылган.
"20дай тартуу тобунун мүчөлөрү тасма тарткандай болбой эле, эс алгандай болдук. Ал жактын тургундары бизди жакшы кабыл алышып, коноктоп да жатышты. Эң кызыктуусу бул тасма чыныгы жашоодо да Шарапат аттуу эженин үйүндө тартылды. Биз тасманы тартууга ылайыктуу үй издеп, акыры бир үйгө барып уруксат сурадык. Үйдүн кожойкеси чыкканда "Шарапат аттуу кыз жөнүндө тасма тартат элек" десек, анын да аты Шарапат экенин айтып, үйүн берүүгө макул болду", - деди Ы. Жоомартова.
Тасмага токтоло кетсек, Шарлотта аттуу шаардык кызды айылдык бала алдап, айылына алып келет. Экөө баш кошуп, шаардык кыздын айылдагы кызыктуу күндөрү башталат. Ошондой эле комедиянын режиссёру жакынкы арада тасманын 2-бөлүгү чыгарын кошумчалады.
"2-бөлүгүн тартып бүткөнүбүзгө 5-6 күн болуп калды. Биринчи бөлүктө Шарапаттын айылдагы жашоосу көрсөтүлсө, экинчи бөлүктө анын кайненесинин шаардагы жашоосу чагылдырылмакчы", - деди режиссёр.
"Шаардык келин Шарапат" тасмасын көрүү үчүн шилтеме.