Кытайлык киши суу ташкынынан сактануу үчүн сууда "сүзүүчү" автоунаа жасап чыкты

Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү Таоцзян шаарынын тургуну суу ташкынынан сактануу үчүн сууда "сүзүүчү" автоунаа жасап чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда 20 жылдык иш тажрыйбасы бар Сюн Цзянь аттуу ойлоп табуучу жана автомеханик суу ташкындарынан коркуп, алардан сактануу максатында аталган унааны куруп чыккан. Ал жамгыр көп жааганда көпчүлүк учурда жээгинен ашып кеткен Жэньци көлүнө жакын жерде жашайт. Мындан улам үй-бүлөсүн жана өзүн кырсыктан коргоо максатында сууда сүзгөн автоунааны жасаган.

4 орундуу амфибия-унаанын эң жогорку ылдамдыгы саатына 32 чакырымга жетет. С.Цзянь ойлоп табуусун дагы жакшыртып, анын максималдуу ылдамдыгын саатына 40 чакырымга жеткирүүнү пландоодо.

Кытайлык киши сууда сүзүүчү автоунаа ойлоп тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
saribaeva
2017-04-07 17:01:12
Сонунгоо
+2
pixduel1
2017-04-07 19:02:34
Суу каптаса машинасы суунун астында калса керек туурабы?
0
Kyrgyz_bloger
2017-04-07 19:29:55
Бир кыргыз жакында ак уйдун дарбазасын тешип отуп кете турган машина ойлоп табат.
+3
Nur1k
2017-04-08 01:56:21
Чыгарганыго жакшы экен но ташкын болсо муну агызып барып бир нерсе урса парчаланып кететго
0
JemesRodrigues
2017-04-08 13:32:05
кытайларга тең келиш кыйынго
0
Azatbek83
2017-04-08 15:23:59
Кытайларга тан калыштын кереги жок Себеби алар кытайлар
0
Rasul_Rahmanaliev
2017-04-10 18:24:58
Мээ иштеп турганда мээнет кыл деген ушул да! Азамат! Бул да бир ачылыш.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан