Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы "Жел кайык" спорт мектебине 3,9 миллион сомдук “Оптимист” үлгүсүндөгү 50 жел кайык тапшырылды. Мындай саамалык кайык спортун өнүктүрүүгө багытталып, кайыктарды сатып алууга каражат Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Кошумчалай кетсек, жел кайыктарды сатып алуу тапшырмасы 2011-жылы ошол учурдагы президент Роза Отунбаева тарабынан берилген болчу.