Бишкек шаарынын мэриясы Бишкек шаардык кеңештин кароосуна Шабдан баатыр атындагы көчөнүн аталышын "7-апрелге" өзгөртүү тууралуу документтер топтомун киргизди. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде кабарлады.
Мындан сырткары Чүй кең көчөсүнүн Курманжан датка көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейинки бөлүгүн Шабдан баатыр деп атоо тууралуу сунуш документтерде кошумчаланган.
"Бардык материалдар Бишкек шаардык кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат. Бул маселе "Айкөл Ала-Тоо" жана "Мекен шейиттери" коомдук уюмдарынын кайрылуусу менен Топонимика комиссиясы тарабынан каралган", - деп айтылат маалыматта.