Түштүк Кореядан Кыргыз жерине келген туристтердин саны 2016-жылы 30 пайызга өстү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргыз жериндеги элчиси Жонг Бёнг Ху өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов менен болгон жолугушуусунда айтты. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде өкүлчүлүктүн маалымат катчысы билдирди.
Жонг Бёнг Ху Кореядан келген туристтер Ысык-Көлгө, Соң-Көл жана Таш-Рабатка барып жатканын белгилеген.
"Мен 2 жыл аралыгында Соң-Көлгө 10 ирет бардым. Туристтерден тышкары Кореядан саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактары боюнча ыктыярчылар келүүдө. Кыргыз жеринде корей тилин үйрөнүп жаткандар бар экени кубандырат", - дейт элчи.
"Өз учурунда өкмөттүн Нарындагы өкүлү элчинин иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн дипломатиялык иштерине ийгилик каалады", - деп айтылат маалыматта.