"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын чыры: Сынактын башка катышуучулары да уюштуруучудан моралдык жапа чеккендерин айтышты (видео)

"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын чырына азырынча чекит коюла турган эмес. Сынактын калган катышуучулары да Таттыбүбү Самидин кызы билеттерди мажбурлап саттырганын, репетиция учурунда катышуучуларды кемсинткен сөздөрдү айтканын, моралдык жапа чеккендерин жазып чыгышты. Ал эми SUPER.KG`ге финалдан четтетилип калган Алтынай Абдымомунова сынакка нааразы болгондор жашыруун жазылып алынган аудио, видеону жиберишкенин билдирди.

"Таттыбүбү 4-апрелде 23:00гө чейин кыздардын ата-энеси, достору билеттердин акчасын алып келмейинче аларды залдан чыгарбай койгон. Акырында бир катышуучунун атасы акча алып келген. Ошондой эле ал репетиция учурунда катышуучуларды кемсинтип, адепке сыйбаган сөздөрдү айтып баштаган. Анын баары жазылып калган", - дейт А. Абдымомунова.

Ошондой эле ырчы Айгерим Расул кызы да социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу сынактын бир нече катышуучулары нааразычылыктарын айтып, скриншотторду жиберип жаткандарын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-апрелде Алтынай Абдымомунова финалга бир күн калганда сынактан четтетилгенин айтып чыккан. Ал эми калыстар тобунда болгон Айгерим Расул кызы, Кудрет Тайчабаров да бул тууралуу ой бөлүшкөн.

Финалга бир күн калганда сынактан четтетилген Алтынай Абдымомунова (сөгүнгөн сөздөр бар)
Таттыбүбү Самидин кызы репетиция учурунда катышуучуларды кемсинткен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Begimai85
2017-04-07 21:55:41
Сулуулар болбосо деле капа болбойт элек
+6
shayl2106
2017-04-07 22:36:12
бул кыз бугунку кинозалдагы жаны кинодон эле байкалып турат кандай экенин..
+3
azamat1978
2017-04-07 23:38:49
Баары беттерине он клограмдан чаптап сулуумун дешет чыныгы сулуу жасалма болбош керек бетинерди жууп келгиле анан айтабиз кимин сулуу экенинерди
+6
Erkinali85
2017-04-07 23:53:48
Урдум ушуга окшогон шайтандарды!сулуу эмес эле эчки экен баары.
+7
Seda
2017-04-08 00:12:50
Таттыбубу мен билем аны акчалар кымбат кийимдер машинелер эмне кылып ким менен жургонунду
+11
Deniza88
2017-04-08 00:47:28
Бул конкурстун уюштуруучусу бираз жаштык кылган же опыт аз. Сулуулар конкурсу болгондон кийин билесинер кыздар тартип кандай болоорун. 500 сомдон сата албай не болдунар? Рыскул как минимум 1000 ден саттырат билесинерби? Бирок 1 кун калганда тиги кызды уят кылганы да туура эмес. Кыскасы уюштуруучу начар!
-5
azamat1978
2017-04-08 01:08:09
Сулуу десе эле бети эмес баардык жагынан топ келгенди айтатко булар жон эле согунотко талпада жургондой.
+5
Narynbek
2017-04-08 01:46:33
Түүй ата сулууларыбыз ушул болсо,калган аялзаты кайда барат.Митингке чыккан катындардан айырмасы жок го.
+7
Aziyat
2017-04-08 06:20:42
Атына заты жарашпай калыптыр да уюштуруучу.
+5
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-08 07:10:39
Мен алгач Айгеримдин сөзүнө анча ынана бербедим эле...Көрсө уюштуруучу кыздын жүзү ушул турбайбы...Мен дагы анчалык сөгүнө албайм..Тиги журналист деле булар менен табакташ окшойт..Эгер Миссти алдын ала тандабаган болсоңор..эмнеге бир катышуучуну финалга жеткенде алып салдынар..силер кааласаңар алып, кааласаңар чыгарып сала бересиңерби
+5
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-08 07:17:52
Таттыбүбү деген ким эле деп таба албай убара боло берипмин..Көрсө "Чүкө баатыр" - деген тасмадагы эки жүздүү кызго..Өзү бунун тасмадагы ролу жашоосуна төп келчүдөй экен
+5
akiykatchi
2017-04-08 08:30:51
Кыздар ыймандуу акылдуу болсо сулуулугу маанилуу деле эмес.....
+3
sabyr86
2017-04-08 20:27:56
Бизде ушу да,эптеп бир нерсеге жетип алса эле дердеңдешип,тоготпой калышат.коррупцияга гүлдөп өскөн,бир маймыл барып 100 миң берсе аны деле сулуу кылып чыгара беришет.
+1
Asyl10
2017-04-09 00:30:53
sabyr86, Туптуура, ансыз деле маймылдар сулуу,акчалуулар акылдуу болгон заман болуп жатпайбы.
Айгерим менен Алтынай сотко берип акырына чейин туруп,тиги калган кыздар да бириксе Татынын тарпын чыгарышат. Уюштуруучу болсо эле моролдык кемсинтип, саат тунку он бирге чейин залда камаганы, катышуучуну соккону туурабы? Анысы аз келгенсип соцю тармактарда Айгеримди "женил ойлуу,репутациясы начар кыз" болчу, тиги,бу менен журчукен деп ушактаганы эмнеси? Уят!!! Колдон келген ишти
+1
Asyl10
2017-04-09 00:33:37
Кечиресинер, Айгеримди деп ката кетиптир. Алтынай Абдымомунованы "репутациясы начар кыз болчу", Айгеримге Ыраазычылык баракчасын бербей койсок залдан чыгып кетти деп жазган уюштуруучу Таттыбубу соц.тармактарда
0
Ananai
2017-04-09 02:58:24
Бир аз кутсонор дагы бир фокусу чыга келет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан