Кечээ, 6-мартта окурман Бишкек шаарындагы Жал кичи районундагы №185-мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эшигинин алды жаан жааган сайын көлчүк болорун кабарлаган.
Бүгүн, 7-мартта Бишкек шаардык мэриядан аталган мекеменин алдын оңдоого "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынан кызматкерлер жөнөтүлгөнүн билдиришти:
"Бишкекасфальтсервис" ишканасынын кызматкерлери ал мекеменин алдын оңдоого чыгып кетишти. Дүйшөмбү күнү, 10-апрелде буюрса, оңдолуп бүтөт".