1-майдан тарта "Азаттыкты" Айзада Касмалиева жетектейт

1-майдан тарта "Азаттык" радиосунун Бишкектеги кеңсесин Айзада Касмалиева жетектейт. Тиешелүү чечимди "Азаттык" радиосунун жетекчилиги кабыл алган. Аталган мекеменин маалыматына караганда 2013-жылдан бери "Азаттыкты" жетектеп келген Султан Каназаров өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.

Айта кетсек, Айзада Касмалиева 2004-жылдан бери журналистика тармагында иштейт. Алгач радиодо, андан соң "Ала-Тоо" маалымат программасында кабарчы, жаңылыктардын алып баруучусу жана редактору болуп иштеген.

2008-жылы "Азаттыктын" жамаатына кошулуп, 2010-жылдан тарта "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүн алып барып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
nur_zhoni
2017-04-07 22:05:30
Ошондо азаттык да эми бийликти мактап калабы же мурдагы ишин улантабы
+10
Cekech
2017-04-07 22:15:35
nur_zhoni,анан эмне 500-1000сомдон эле таратып митинг Коган теке менен жапаровду мактасынбы?
-27
Jarookerjan
2017-04-07 22:51:51
Cekech,жоок чындыкты,адилеттикти айткандарды эмес,Бакиевдин жерин ээлеп жаткан Атамбаевди,ага саткан гектарлаган жери бар Ибраимовду,белизгейт,Маевский дегендей калптары чыгып жаткан бийликтин гана буйругун аткарып жаткан Индира менен Абдилди,паспорт саткан жана туулгандыгы тууралуу куболуктун ордуна никелешуу куболугун берген Сарпашевди,элдин эмес озунун гана кызыкчылыгын ойлогон СДПКны,долларларды алып Батукаевди качыргандарды,кумтор улутташтырууга каршы чыккан тойбосторду мактасын.
+18
anyshka
2017-04-08 02:09:37
Jarookerjan,ак соз!
+11
zezim2000
2017-04-08 15:26:35
Jarookerjan,ачуу чындык
+1
Jarookerjan
2017-04-08 01:30:29
Cekech,Азаттык эч кандай бир тараптуу болбой эле адилеттуу калыс болгон.КТРКны бир тараптуу деп айтса жарашат.Умут кыламын дагы деле ошол калыстыгынан адашпайт деп.
+8
Cekech
2017-04-07 22:06:19
Аябай туура чечим болуптур,Эми буюрса Азаттык бир тараптуу болбой калаарына ишенем.Акыркы убакта Азаттык бийликти жамандагандан башканы билбей калды эле.
-24
Cekech
2017-04-07 22:13:15
Менин оюмча,жакшыны жакшы деп,жаманды жаман деш керек,анан баары эле жаман боло бербейтта. Коп жакшы иштер жасалды,коп иштер болду купулга толбогон,эн негизгиси,тынчтык Жана онугуу болуп жатат. Мородерлор жазасын алышсын ,ошондо адамдар сестенет кичине.
-20
shayl2106
2017-04-08 08:30:31
Cekech,ошол тынчтыкты бийлик озу баштап ата тынч жаткан элт козгоп,бул бийилик ото эле чегинен ашып кетти,жаш баланын акылы жете турган нерселерди кылып атат факт жок эле камап атат,кана мыйзам?кана акыйкат?бир видео аркылуу,же бироолор менин арызым жок булга дегендерине болбой камак коеберсе,анда Акаевдин видео аркылуу берген маеги учун АША ны деле камап салбайбы!жоок силердин бул кылганынар учун акыретте Алланын алдында жооп бересинер!козунорду чон ачкыла!!!
+7
Mers124
2017-04-07 22:21:08
Азаттык туура жолдо болчу. Мындан ары да ушундай болот деп ишенем.Азаттык алып чыккан мамлекетти бандиттер башкарып атканы калпбы, Жолдордон акча желип атат, Белизгейт боюнча Гкнбнын калпын ачыктап берди. Эң башкысы далилдер менен баардыгы
+15
salimbek87.kg
2017-04-07 22:26:47
Менин жеке оюм значит СДПК нын адамы бул дагы.
+5
Nurmuhammad-1
2017-04-07 22:47:38
Многу жердеги комент жазгандарга бир чети күлкүң келет да.
Айзаданын СДПК га кандай тийешси бар?
Ал Азаттыктын журналисти болсо?
Мындай башты иштеткилечи!
+5
nur_zhoni
2017-04-08 07:06:39
Nurmuhammad-1, КТРК да СДПКнын депутартары иштейт дейсинби аларда журналистер
+1
didu
2017-04-08 06:50:28
Эмнесине кулгун келет СДПК нын шоопурунан тартып баары бар
+7
akil.91
2017-04-08 12:26:57
Азаттык Американыкы эмеспи? Бийлик да орус тарапта. Ал эки олконун ортосундагы политиканы баарыбыз билебиз да. Экоосунон тен кыргызга пайда болбойт!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан