Өткөн суткада Чүй облусунда 2 жол кырсыгы катталды

Өткөн суткада Чүй облусунда 2 жол кырсыгы катталганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди. Сокулук районунда Форд Транзит жана Ауди 100 унаалары кагылышып, кырсыктын кесепетинен Ауди 100 унаасынын жүргүнчүлөрү денесинен ар кандай жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Ошондой эле Токмок шаарында, тактап айтканда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 62-чакырымында Лексус 400 унаасынын айдоочусу 21 жаштагы А.Н. унааны башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен. Мындан улам айдоочу менен 3 жүргүнчү аймактык ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилгендиги кабарланды. Учурда бул 2 жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан