"Кыргызстанда жарандардын эрте жашта никеге туруусуна дин ишмерлери себепчи болууда". Мындай сөздү “Демократиялык процесстерди иликтөө борбору” коомдук фондунун өкүлү Лариса Илибезова бүгүн, 7-май күнү маалымат жыйында айтты. Айтымында, бул маселеде диндин ролу орчундуу болууда. “Өзбекстанда диний башкармалык ички буйрук менен эле юридикалык каттоосу жок нике кыюуга тыюу салып койгон. Ал эми бизде, тескерисинче, башка себептерди келтиришип, алтургай көп аял алуу темаларына да кайрылышат. Чынында, Мусулмандар дин башкармалыгынын кызматкерлеринин билими жаатында маселелер бар. Алардын кайда окугандыгы, алган билими тууралуу маалыматтар белгисиз. Ислам ченемдерин ар ким ар кандай чечмелейт”,- деп кошумчалады Илибезова.