Өзгөн районундагы жер көчкү эки турак жайды басып калды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда 7-апрель күнү саат 10:00 чамасында Ничке-Сай айылынын Тилеке-Сарай участкасында көлөмү болжол менен 120 миң метр куб жер көчкү түшүп, 2 турак жайды басып калган. Аталган турак жайдын жашоочуларына 2017-жылдын 6-апрелинде айыл аймак тарабынан эскертүү берилип, турак жайдын керектүү материалдарын бузушуп, туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн. Андан тышкары жер көчкү дагы бир турак жайга 10 метр жетпей калган.