ЖЫЛНААМА, 8-АПРЕЛЬ: 7 жыл мурун Кыргыз өлкөсүндө Убактылуу өкмөт түзүлгөн

Мындан 7 жыл мурун, 2010-жылы 8-апрелде Элдик курултайдын Борбордук комитетинин мүчөлөрү Убактылуу өкмөттү түзүшкөн. Убактылуу өкмөттүн төрайымы болуп Роза Отунбаева дайындалган. Бир эле учурда бул өкмөт президенттин да, парламенттин да милдетин аткармакчы болгон. Р. Отунбаеванын орун басарлары болуп Алмазбек Атамбаев (жалпы экономика тармагына жооптуу), Темир Сариев (каржы жана насыя тармагын колго алуу), Өмүрбек Текебаев (конституциялык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу), Исмаил Исаков (күч органдарын тейлөө), Азимбек Бекназаров (сот жана прокуратура тармагын көзөмөлдөө) шайланышкан.
Убактылуу өкмөттүн негизги милдети – мамлекеттеги кооптуу абалды жөнгө салуу, ал эми анын алдыга койгон негизги максаттары - Баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, жаңы парламентти шайлоого шарт түзүү, тарифтерди мурдагы калыбына келтирүү, сатылган стратегиялык ишканаларды мамлекетке кайтаруу жана башкалар болгон.
2010-жылдын 19-майындагы Убактылуу өкмөттүн чечими менен "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндөгү" №39 жана "Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өткөрүү тууралуу" №40 декрети кабыл алынып, жалпы элдик колдоого ээ болгон. Анын негизинде Р. Отунбаевага 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө КРнын Президентинин ыйгарым укугу берилип, өткөөл мезгилдин президенти болуп дайындалган. 2010-жылдын 27-июнунда өткөн жалпы референдумдун жыйынтыгы боюнча КРнын жаңы Конституциясы жактырылып, Убактылуу Өкмөт жана КРнын өткөөл мезгилдеги Президентинин расмий орду легитимдештирилген.

8-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан