"Денеге атайлап зыян келтирген" деп шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн РИИБи "денеге атайлап зыян келтирүү" фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, 29-апрелде бычактан жаракат алган 22 жаштагы К.Б. аттуу жаран Аламүдүн райондук ооруканасынын жандандыруучу бөлүмүнө келип түшкөн. Дарыгерлер көзөмөлдөн өткөрүп, анын абалы оор экенин айтышкан. Мындан улам Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү адамга издөө салышып, 23 жаштагы Т.Б. аттуу Нарын облусунун тургунун колго түшүрүштү. Учурда ал адам Бишкек шаарынын СИЗОсуна киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан