ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев 60 жашка толду

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев 60 жашка толду. Ал 1957-жылы 9-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн. 1974-1984-жылдары Ленинграддагы Илья Репин атындагы Сүрөтчүлөр академиясын бүтүргөн. Кыргыз мамлекетинин жана СССРдин сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1988), Лос-Анжелесте өткөн Бүткүл дүйнөлүк заманбап искусствонун баш байгесинин ээси (1990), Азия мамлекеттеринин көргөзмөсүндөгү алтын медалдын ээси (1989), Азия Биеналлесинин алтын медалынын ээси (1999, Дакка, Бангладеш), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси (2000), Сүрөтчүлөр союзунун академиги (2005). Юристанбек Шыгаев учурда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук музейинин директору болуп эмгектенүүдө.

9-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AMORE
2017-04-09 22:19:41
60 жаш юбилейиниз кут болсун, Юристанбек Абдиевич!
Талантуу мыкты инсан! Элибиздин сыймыгы!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан