ЖЫЛНААМА, 9-АПРЕЛЬ: "Күүгүм" тасмасында Белланын ролун аткарган актриса Кристен Стюарт 27 жашка толду

Америкалык актриса Кристен Стюарт 27 жашка толду. Ал 1990-жылы 9-апрелде АКШнын Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарында туулган. Кристен Стюарттын таланты бала кезинен билинип, 8 жашынан баштап тасма талаасына аралаша баштаган. Алгачкы эң чоң ролу голливуддук Дэвид Финчердин "Коркунуч бөлмөсү" ("Комната страха") тасмасында 2002-жылы болгон. Андан соң актрисага удаасынан сунуштар түшүп, ал дүйнөгө белгилүү режиссёрлор менен иш алып барган. Бирок актрисага атактуулукту "Күүгүм" тасмасы алып келген. 2013-жылы белгилүү "Forbes" журналы Кристен Стюартты Голливуддагы Анжелина Жоли, Женнифер Лоуренстен кийинки эң көп акча төлөнгөн актриса деп атаган.

Мындан сырткары актриса "Лагерь "X-ray"", "Анестезия", "Ультраамерикалыктар", "Дагы деле Элис", "Светтик жашоо" фильмдеринде роль жараткан.

Жеке жашоосу

К.Стюарт актёрлор Майкл Ангарано, Роберт Паттинсон, режиссёр Руперт Сандерс менен сүйүү мамилесинде болгон. 2013-жылы маалымат каражаттары актрисанын кыздар менен мамиле кура баштаганын жазышкан. Көп өтпөй К.Стюарт өзү бисексуалдуу экенин айткан.

9-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан