5-апрелде болуп өткөн "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын айланасында болуп жаткан чырлар, талкуулар боюнча аталган иш-чарада калыстык кылган Арзубек Вонама өз пикирин SUPER.KG'ге билдирди. Анын айтымында, сынак адилеттүү өткөн жана ар бир сынакта катышуучулардын билет сатканы кадимки көрүнүш.
"Сынактын дизайнери, калысы катары ишенимдүү түрдө айта алам, баары калыс, адилеттүү өттү. Жеңүүчү аталган Бегимай Карыбекова мода дүйнөсүндө, подиумда өзүн алып жүрүү боюнча тажрыйбасы көп болгондуктан баарынан айырмаланып турду. Ага калыстардын баары 10 упай коюп жатты. Ал эми билеттерди сатуу боюнча айтсам, кандай сынак болбосун катышуучулар билеттерди сатууга көмөктөшөт. Муну баары эле билишет, андыктан кыздардын билеттерди сатканы кадимки көрүнүш. Көйнөктөр жыттанып жатты деп жатышат. Алар булгаары же дагы башка кездемеден тигилген. Андыктан булгаарыдан тигилгендердин табигый бир аз жыты бар болушу мүмкүн. Уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызынын кыздарга болгон мамилеси жөнүндө айта кетсем, ошончо адамдын башын бириктирип иштөө үчүн катуу тартип керек. Эгерде ар бирине жумшак сүйлөп отурса, анда кандай жыйынтык болот? Андыктан тартипти сактоо үчүн анын катуу сүйлөгөнү туура деп ойлойм", - дейт.
Белгилей кетсек, жогоруда аталган сынакта Бегимай Карыбекова жеңүүчү аталган.