Бүгүн, 9-апрелде Египеттин Танда жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө жардыруу болду. Биринчиси Танда шаарында болуп, чиркөөнүн ичине кирген жанкечти-террорист өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен 25тен ашык адам каза таап, 50гө жакын адам жабыркаган. Ал эми Александрия шаарындагы чиркөөдө да ушундай эле окуя катталып, жардыруу 11 адамдын өмүрүн алган.
Эки чиркөөгө болгон кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу кылганын жарыялады.