Түп районундагы жол кырсыгынан айдоочу каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жол кырсыгы 7-апрель түнү болгон. Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү жүргүнчү ташыган кичи автобус менен Фольксваген үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу каза болуп, кичи автобустагы 7 адам жабыркаган. Алардын экөө мугалим, калгандары Каракол шаарындагы мектептердин окуучулары болгон. Жабыркагандардын экөө оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган.
Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.