Кыргыз жана Австрия мамлекеттеринин ишкердик жааттагы кызматташтыгы талкууланды

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Австриянын ишкерлери менен жолугушту. Жолугушууда ал эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө Кыргыз Республикасы зор маани берерин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнө австриялык ири компаниялардын өкүлдөрүнүн келиши маанилүү окуя. Тараптар бар мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдаланып жатканын эске алып, биз ар кайсы тармакта кызматташууну өнүктүрүү үчүн иштешүүдөгү конкреттүү багытты таап алышыбыз кажет. Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 2016-жылы 8 миллион доллардан бир аз ашкан. Бул көрсөткүчтү көбөйтүүбүз зарыл. Бул үчүн укуктук база бар", - деди Панкратов.

Австриянын Экономика федералдык палатасынын өкүлү Михаэль Ангерер австриялык ишкерлер Кыргыз ишкерлери менен кызматташууга кызыкдар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан