ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Атактуу америкалык актёр, уруш өнөрлөрүнүн чебери Стивен Сигал 65 жашка толду

Америкалык актёр, продюсер, сценарист, режиссёр, музыкант Стивен Сигал 65 жашка чыкты. Ал 1952-жылы 10-апрелде АКШнын Мичиган штатындагы Лансинг шаарында туулган. Актёр тасма талаасына 1982-жылдан баштап аралаша баштаган. Ал дүйнөгө "Өтө катуу сокку" ("Смертельный удар"), "Жырткычка аңчылык" ("Охота на зверя"), "Согуш өнөрү" ("Искусство боя") жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган.

2016-жылы Владимир Путин актёрго Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу указга кол койгон.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын сентябрында актёр Кыргыз мамлекетине келип, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышкан. Анда ал: "Көчмөндөрдүн маданияты өтө маанилүү. Менин ата-бабаларым да көчмөн болгон. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына келүүнү чечтим. Эң башкысы өлкө башчысынын чакыруусунан баш тарта алган жокмун", - деп билдирген.

Аталган оюндардын ачылыш салтанатында Стивен Сигал сыйлуу конок катары кыргыз атын минип ат майданына чыккан.

Жеке жашоосу

С.Сигал 4 жолу үйлөнгөн. 1974-жылы Мияко Фудзитани аттуу япон кызына баш кошуп, Аако жана Кентаро деген уул-кыздуу болушкан. 1987-жылы түгөйлөр ажырашкан. 1984-1987-жылдары актриса, модель Адриенн Ларусса менен никеде болгон. Бирок бул никеси соттун чечими менен күчүн жоготкон.

1987-жылы актриса жана модель Келли Леброкко үйлөнүп, Аннализу, Доминика Сан Рокко, Аррису аттуу 3 балалуу болушкан. Үйүндөгү бала багуучу Арисса Вульф менен актёрдун сүйүү мамилесинен улам 1994-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Арисса менен Сигалдын ортосунда Саванна деген кызы бар.

Актёрдун азыркы жубайы - монголиялык бийчи Батсухийн Эрденэтуяа. Экөөнүн Кунзанг аттуу уулу бар.

10-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz-aiym
2017-04-10 11:43:24
Ар кимди,ар жерде ХХХ коюп журо бериптир да.Артистердин жашоосу ушундайы жаман!Дагы эле озун 18жаштагы жигит сезет окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан