8-9-апрель эс алуу күндөрү орусиялык бир топ жылдыздардын үйүндө наристе үнү жаӊырды. Алсак, 31 жаштагы модель Ирина Шейк менен 42 жаштагы голливуд актёру Брэдли Купер алгачкы жолу ата-эне статусуна ээ болушту. Бул маалыматты түгөйлөрдүн жакындары тастыктаганын "Us Weekly" басылмасы кечээ, 9-апрелде жазып чыкты. Түгөйлөр кыздуу же уулдуу болгону тууралуу маалымат так айтылбайт. Учурда наристенин да, эненин да ден соолугу жакшы.
Ошондой эле "Оо, Кудай, кандай гана мырза!" ырынын аткаруучусу, 43 жаштагы ырчы Натали үчүнчү уулун жарык дүйнөгө алып келген. Ал эми 2 кыздын энеси Анна Седокова Лос-Анжелес шаарындагы элиталык делген "Cedars-Sinai Medical Centerе" клиникада көз жарган. Ал жерде учурунда Кристина Агилера, Ким Кардашьян, Бритни Спирс жана башка жылдыздар төрөшкөн. Маалыматтарга караганда ырчынын уулунун атасы - ишкер Артём Комаров.