Ямало-Ненецк автономдуу округунун Салехард шаарында 8-апрелде Бишкек убактысы боюнча саат 22:45 чамасында газ баллон жарылып, бир кыргыз каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Мекендештерибиз жашаган жакта газ баллон жарылып, Эркин аттуу кыргыз бала каза болду. Балдызынын денесинин 40 пайызы күйүп ооруканада оор абалда жатат. Инисинин баласы менен аялы жеңил күйүк алышкан", - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.