"140 миң долларга Кыргызстанда көзү көрбөгөн жана начар көргөн адамдар үчүн Брайль шрифтинде китеп чыгаруучу басмакана ачса болот". Бул тууралуу бүгүн, 7-майда маалымат жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди. Айтымында, Кыргызстанда учурда көзү көрбөгөн жана начар көргөн 5600 адам жашайт. “Алардын 20 пайызы Брайль шрифти менен жазылган китептерди окуй алышат. Мамлекетте атайын басмакана ачылса, китептер арзан баада чыгарылып, азиздер үчүн чоң жардам болмок”,- деди эл өкүлү.