Египеттеги эки чиркөөдө болгон жардыруудан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок

Египеттеги эки чиркөөдө болгон жардыруудан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекемеден маалымдашкандай, Сауд Арабиядагы КРнын Элчилиги кыргыз диаспорасы менен туруктуу байланышта.

Эскерте кетсек, 9-апрелде Египеттин Танда жана Александрия шаарларындагы эки чиркөөдө жардыруу болду. Биринчиси Танда шаарында болуп, чиркөөнүн ичине кирген жанкечти-террорист өзүн жардырып жиберген. Анын кесепетинен 25тен ашык адам каза таап, 50гө жакын адам жабыркаган. Ал эми Александрия шаарындагы чиркөөдө да ушундай эле окуя катталып, жардыруу 11 адамдын өмүрүн алган.

Эки чиркөөгө болгон кол салууну "Ислам мамлекети" террордук тобу кылганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан