ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: "Сүйүүгө шашыл" тасмасы аркылуу популярдуу болгон америкалык актриса Мэнди Мур 33 жашка толду

Америкалык актриса, ырчы Мэнди Мур 33 жашка толду. Ал 1984-жылы 10-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында туулган. Мэнди Мур алгач ырчы катары эл алдына чыгып, 2000-жылдары "So Real", "I Wanna Be with You", "Mandy Moore" жана "Coverage" жыйнактарынан кийин атакка жеткен. Ал эми 2002-жылы актёрдук карьерасын баштаган. Ал "Сүйүүгө шашыл" ("Спеши любить") тасмасында роль жаратып, таланттуу актриса катары көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал эми 2003-жылы "Жаш Голливуд" сыйлыгына ээ болгон. Андан сырткары актриса "Куткарылган" ("Спасённая!"), "Америка кыялы" ("Американская мечта") "Бул биз" ("Это мы") тасмаларында башкы ролдорду жараткан.

Жеке жашоосу

Маалымат каражаттарында Мэнди Мурдун теннисчи Энди Роддик, актёрлор Уилмер Вальдерамма, Зак Брафф менен мамилелери кызуу талкууланган. 2008-жылы ал музыкант Райан Адамс менен сүйлөшө баштап, 2009-жылдын март айында экөө баш кошушкан. 2015-жылы ортодогу пикир келишпестиктерден улам түгөйлөр ажырашууну чечишкен. Ажырашуу процесси 2016-жылдын январь айында аяктаган. 2015-жылдын июль айынан тарта Мур гитарист Тейлор Голдсмит менен сүйүү мамилесинде.

10-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан