Өкмөткө кайрылып жардам сурагандардын көбү улгайгандар

2017-жылдын алгачкы 3 айында өкмөткө жазуу жүзүндө 1242, оозеки 321 кайрылуу түштү.

Президенттик аппараттан 76, Жогорку Кеӊештен 239, премьер-министрдин коомдук кабылдамасы аркылуу 189, чет өлкөдө жашаган жарандардан 12 кайрылуу түшкөнүн бүгүн, 10-апрелде өкмөттүк аппараттан билдиришти. Кайрылуулар эӊ көп Бишкек шаарынан, эӊ аз Талас облусунан түшкөнү айтылат маалыматта. Өкмөткө кайрылгандардын көбү пенсия курагындагы жарандар. Социалдык тейлөөлөр, пенсия, жөлөк пул, турак жай маселеси, жумушка орношуу, айлык маяна талаштарын айтып кайрылгандар көп.

3 ай аралыгында премьер Сооронбай Жээнбеков атайын жазылып кезекке турган 99 жаранды кабыл алганы айтылды.

Кошумчалай кетсек, өкмөткө 2016-жылы жарандардан 6989 кайрылуу түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан