Президентке өлкөдөгү улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-апрелде өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди.

Темир Жумакадыров ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеӊеш катчыларынын 12-жолугушуусунун, анын ичинде Кыргыз мамлекетинин региондук коопсуздук камсыз кылуу чөйрөсүндөгү негизги өнөктөрү саналган өлкөлөрдүн делегация башчылары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Анын айтымында, терроризмге жана диний экстремизмге каршы туруу үчүн көп жана эки тараптуу форматта кызматташтыкты андан ары күчөтүүнүн мааниси баса белгиленген.

Президент Алмазбек Атамбаев улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар комплексин жандантуу зарылдыгын, андан тышкары азыркы коркунучтар менен сыноолорго каршы туруу боюнча милдеттерди натыйжалуу аткаруу үчүн негизги чет жердик өнөктөр менен өз ара аракеттенүүлөрдү күчөтүүнүн маанисин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан