Баткен окуясынын катышуучуларында "согуштун катышуучусу" деген макам жок

Бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңеште Бюджет жана финасы комитетин Баткен согушуна катышкандардын жөлөк пулун көбөйтүү маселеси каралды.

Жыйында элдик демилге тартибинде демилгеленген “Согуштун, куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктун эмгекчилери жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

"Баткен согушунун республикалык жоокерлеринин кеңеши" коомдук бирикмесинин төрагасы Сатыбек Молдалиев билдиргендей, мыйзам долбоорунда согушка катышкан жоокерлердин социалдык укугун коргоо каралган. Баткен согушуна катышкан жоокерлердин, андан каза болгондордун жөлөк пулун көбөйтүү сунушталганын айтты. Ошондой эле ал бул мыйзам долбоору үчүн 63 миң кол топтолгонун кошумчалады. Каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт токтомуна ылайык, 2015-жылдын 1-октябрында аталган мыйзам боюнча каршы чечим чыкканын айтты. Ал билдиргендей, бюджетте кошумча каражат жок.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов согушка катышкан 24 майыптын жөлөк пулун 15 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады. Ал эми каза болгондордун үй-бүлөсүнө 7 миң сом берүү керек экенин айтты.

Каржы министринин айтымында, майыптар 7 миң сом, каза болгондун үй-бүлөсү 1 миң сомдон алышат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова Баткен окуясынын катышуучуларында "согуштун катышуучусу" деген макам жок экенин билдирди. Мындан кийин депутаттар нааразычылык билдирип, өлкөгө бастырып кирген куралчандарды жок кылууга катышкандарда атайын статус берүү зарылдыгын айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gordyi_Volk
2017-04-10 13:20:46
Мына ушуларды баатыр деш керек
+5
Ulan2601
2017-04-10 15:09:32
Апрельчилерди эле сыйлай бербей ушуларга конул буруп койсо
+2
kg.nurik
2017-04-10 16:43:41
Апрелчилер ашанын озуно окшош XXX
+3
mira77
2017-04-10 21:23:44
Макам деген озу эмне,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан